КАСЫМБЕКОВ Бейшебай
КАСЫМБЕКОВ Бейшебай (1933-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (1990), профессор (1993). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери 1911). Эл аралык информация академиясынын корреспондент-мүчөсү (1992). КАЧИни бүтүргөн (1955). 1955-жылы Жалал-Абад зооветеринардык мектебинде окуу бөлүмүнүн, 1956–60-жылдарда ветеринариялык станциянын, Тянь-Шань тажрыйба станциясынын башчысы, 1960–68-жылдарда Тоң районунун башкы ветеринар врачы. 1968–76-жылдарда Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ИИИде улук илимий кызматкер, сектор башчысы, 1976–80-жылдарда директор. 1980–85-жылдарда улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. 2001-жылдан Кыргыз ветеринариялык көзөмөл ИИИнин паразитология бөлүмүнүн башчысы. Ветеринариялык паразитология боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын, 2 окуу китептин автору.
Эмг.: Малдын гельминтоз ылаңдары. Ф., 1984.