КАСЫМБЕКОВА Калия Токтосуноовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМБЕКОВА Калия Токтосуновна (12. 9. 1961-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (2005). И.К.Ахунбаев атындагы КММИни (1984), СССР саламаттык сак­тоо министрлигинин борбордук эпидемиология ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1989). Кыргыз эпидемиология, микробиология ж-а гигиена ИИИде кенже, улук илимий кызматкер (1984–91). Кыргызстан экология ж-а жугуштуу оорулардын ал­дын алуу ИИИде лаборатория башчысы (1991–96), КРдин саламаттык сактоо министрлигинде эксперт, ­санитардык врач, башкы адис (1996–97). 1997–2009-жылддарда лаборатория башчысы, 2009-жылдан КРдин саламат­тык сактоо министрлигинин мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин молекула-генетика ж-а микробиология изилдөө борборун жетектейт. Эпи­демиология боюнча адис. 69дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы бар.

Эмг.: Гастроэнтериты вируснобактериальной этио­логии у детей раннего возраста в Киргизской Респуб­лике. М., 1999; Вирусологические исследования энтеровирусных инфекций в Кыргызстане (в соавтор­стве). Б., 2001; Эпидемиология поливирусной инфек­ции в Кыргызской Республике. Б., 2002; Вирусные гепатиты (в соавторстве). М., 2003.