КАСАН-САЙ
КАСАН-САЙ – Чаткал кырка тоосунун түштүк - чыгыш капталынан башталган суу. Ала-Бука районунун аймагында. Узундугу 75 км, алабынын аянты 1780 км2. Жогорку агымында Чаткалды-Сай аталып, өрөөнү кууш. Касан-Сай кыштагы ченде түштүктү карай агып, Нарын дарыясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Өрөөнүндө Орто-Токой суу сактагычы курулган (1947). Ортоңку ж-а төмөнкү агымы адырлуу ойдуң м-н агып, Төрө-Коргон кыштагынан ары салааларга ж-а каналдарга бөлүнөт. Ири куймалары: Терек, Өрүктү ж-а Ала- Бука. Төмөнкү агымында Кукумбай, Чуст, Аксы-Сай ж. б. каналдар курулган. Жылдык орточо чыгымы 11,7 м3/сек, эң көбү июнда (53,1 м3/сек), эң азы мартта (2,16 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, октябрда тартылат. Жээгинде Касан-Сай, Төрө-Коргон, Каттаган, Кукумбай кыштактары жайгашкан.