КАР ЧЕНЕГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР ЧЕНЕГИЧ – атмосферадагы суюк ж-а катуу жаанды өлчөөчү аспап. В. Д. Третьяковдун конструкциясы боюнча аянты 200 см2, бийиктиги 40 см болгон кар ченегич идишке (чакага) жаан-чачын топ­толот. Кар ченегич топурактын бетинен 2 м бийик жерге орнотулат. Өлчөө бирдиги – мм, бөлүкчөлөргө бөлүнгөн стакан м-н өлчөнөт, катуу жаан-ча­чын эригенден кийин ченелет.