КАРЫМШАКОВ Ракым

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫМШАКОВ Ракым (1936-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1995), профессор (2001). КМУну (1961), СССР ИАнын физика-техника институтунун аспирантурасын (1968, Ленин­град) бүтүргөн. 1961-жылдан мектепте мугалим, ФПИде ассистент, ФПИнин филиалында инже­нер (Россия, Гатчина шаары), ФПИде доцент, ка­федра башчысы, КМУУда профессор, Чүй университетинде профессор, 2000-жылдан «Дастан» техникалык университетинде профессор. Жарым өткөргүчтөр, оптика ж-а конден­сацияланган нерселер физикасы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 1 ойлоп табуусу, 1 сөздүк, 5 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Оптические и магнитооптические свойства некоторых тройных полупроводниковых кристаллов. Б., 1994; Жарым өткөргүчтөрдүн магнитоптикалык ж-а электроптикалык касиеттери. Б., 1996; Жарым өткөргүчтөрдүн оптикасы. Б., 1999.