КАРТА ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТА ТААНУУ – картографиялык илимдин теориялык бөлүгү. Ал географиялык ж. б. карталардын чындыкты чагылдыруусун, алардын элементтерин, касиет­терин, түрлөрүн ж-а өнүгүүсүн изилдейт. Кар­тографиянын тармагы, сабак катары картографиялык булактарды талдоо ыкмасын, картографиянын тарыхын ж-а карта пайдалануу ыкмасын иш­теп чыгат.