КАРА ЖЕЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ЖЕЛИН , ж у г у ш т у у а г а л а к т и я (Agalactia infectiosa ovium) – малдын желини­нен сүт чыкпай калышы. Ылаң козгогучу ми­коплазмалар тукумундагы микроорганизм, ал сырткы чөйрөдө (10–25°С) 6 айга, сүттө 10 күнгө, сууда 30 күнгө, коргоолдо 10 күнгө, топуракта 20 күнгө чейин сакталат. Ылаң соо малга жем­-чөп, желини ж-а денедеги майда жаракаттары аркылуу жугат. Ылаң өнөкөт өтүп (2–5 айга че­йин), көбүнчө малдын желини дартка чалдыгат, козу, улактардын көзү же муундары ооруйт. Ылаң курч өткөндө оору 1–2 жумага созулуп, малдын денеси ысыйт. Тууган малдын желини чочуп, адегенде көгүлтүр тунук суюктук чыгат, андан кийин ал суюктук коюуланып илээшкек тар­тып, майда иримчиктер пайда болот. Сүтү туз татыйт. Ылаң эпизоотологиялык, клиникалык ж-а патанатомиялы к маалыматтардын негизинде коюлат ж-а бактериологиялык изилдөөлөр м-н такталат. Ылаң­дан көзү жараланган малды күндүн нуру түз тий­беген саал караңгыраак сарайга багып, көзүн бор кислотасынын 1%түү эритмеси м-н 3 маал жууйт. Малдын жараланган желинин дарылоо үчүн үрпү аркылуу желиндин ичине күнүнө үч маал йод же йоддуу калийдин суудагы эрит­месин же пенициллинди куюу керек. Мында 200 мл сууга 0,1 г кристаллдык иод ж-а 0,1 г иоддуу калийди эритип, 100–150 миң ТБ пени­циллин кошулат. Козунун мууну сезгенгенде ошол муунга жакын тери алдына 1%түү көк таш эритмеси куюлат. Ылаңдап айыккан жа­ныбарда иммунитет пайда болот. Ылаңга кар­шы вакцина м-н эмделген малда иммунитет 12 айга дейре созулат. Ылаңды чарбага жолотпоо үчүн алдын алуучу карантин коюлат.

Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.