КАРА-ЧУҢКУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЧУҢКУР – Ысык-Көл облусунун Түп районун­дагы кыштак. Санташ айыл округуна караш­туу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп өрөөнү­нүн түндүгүндө, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 29 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол беке­тинен 220 км. Калкы 1488 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тоют өсүмдүктөрүн даярда­шат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дары­кана ж-а маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.