КАРА-ТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЙ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 1340 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Суу шаарынан 52 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. Калкы 3106 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, ФАП бар.