КАРА-КЫШТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-КЫШТАК – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Майдан айыл округуна караштуу. Исфайрам суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1175 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 60 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 20 км. Калкы 1018 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.