КАРА-КЕЧЕ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕЧЕ КӨМҮР КЕНИ Нарын облусунун Жум­гал районунда, Чаек кыштагынан 25–30 км түштүк та­рапта, Кара-Кече өрөөнүндө, Кабак көмүр бас­сейнинин чыгышында. Кен байыртан белгилүү.1930–32-жылдарда геологиялык картасы түзүлүп, 1948–51-жылдарда ж-а 1956–58-жылдарда чалгындалган. Көмүр кабатта­ры юра катмарынын астыңкы бөлүгү м-н байла­нышкан. Кендин негизги кабаты өнөр жайлык маа­ниге ээ. Анын калыңдыгы 1,15 мден 94,22 мге чейин. Кабаттын жукарышы чыгыш тарапка ж-а тереңдеген сайын байкалат. «Татаал» ка­баты өтө өзгөрмөлүү, анын калыңдыгы 0,30–36,4 м. Сапаты ж-а технологиялык касиети боюнча үчүнчү күрөң (3Б) көмүр маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 11,3%, орточо күйүү жылуулугу 28, жылга карата эсептелген запасы В+С1 категориясы боюнча 191582 миң т, жер астынан шахта м-н казып алууга жарамдуу запасы В+С1 категориясы оюнча 118443 миң т.