КАРА-ДӨБӨ (Кадамжай районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРА-ДӨБӨ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДӨБӨ – Баткен облусунун Кадамжай районун­дагы кыштак. А. Масалиев атындагы айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 930 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-тагынан 34 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол беке­тинен 7 км. Калкы 3375 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамак­тануучу жайлар иштейт. В. И. Ленинге барельеф ж-а Улуу Ата Мекендик согушта курман бол­гондорго эстелик тургузулган.