КАРА-БУУРА КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА КОРУКЧАСЫ – Кара-Буура районун­дагы мамлекеттик аңчылык корукчасы (заказниги). Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, Аташ-Чапкан, Кашка-Суу, Тандыр сууларынын ала­бын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып барат­кан элик, тоо эчки, суур ж-а Кыргызстандын Кызыл китебине кирген аркар-кулжаны коргоо ж-а кө­бөйтүү максатында 1976-жылы уюшулган.