КАРАТЭ
КАРАТЭ , к а р а т э - д о (япончо сөзмө сөз – куралсыз кол менен) – куралсыз коргонуу өнөрүнүн бир түрү.

Ал адамдын талуу жерлерине (уйку артериясы, боор, көкүрөк, нерв түйүндөрүнө ж. б.) кол же бут м-н ыкчам сокку урууга негизделген. Алгач каратэ Японияда коргонуу үчүн гана колдонулган согуш өнөрүнө кирген. Азыркы каратэ системасы жиу-жицунун ыкмаларын тандап алуу ж-а өркүндөтүү м-н 20-кылымдын башында пайда болгон. Каратэчилер негизги үч багыт боюнча даярдалат: к и х о н (базалык ыкмаларды көп жолку кайталоо), к а т а (каратэ ыкмаларын көрсөткөн татаал координациялык кыймылдар; алар биринин артынан бири аткарылат) ж-а к у м ит э (атаандашы м-н беттешүү, машыгуу). Ошондой эле каратэчини даярдоо маалында орчундуу орунга булчуңдарды ж-а тарамыштарды чыйралткан гимнастикалык ыкмалар, соккуну күчөтүү үчүн кум каптар («макивару») ж. б. колдонулат. Каратэ м-н «додзе» (үстүнө эч нерсе төшөлбөгөн жыгач пол) жайларында бут кийимсиз машыгышат. Каратэчинин салттуу кийими катары «каратэ-ги» эсептелинет. Ал бышык ак кездемеден тигилген балбыраган чапандан, шым м-н узун белбоодон турат. Белбоонун өңү каратэчинин даярдыгын көрсөтөт. Каратэде салмак боюнча бөлүнүштөр болбойт. Мелдештер бири-биринен көз каранды эмес эки багыт (ката ж-а кумитэ) боюнча эркектер м-н аялдар үчүн өзүнчө татамиде жүргүзүлөт. 1948-жылы Г. Фунакоси жетектеген япон ассоциациясы ачылгандан баштап, каратэ өзүн-өзү коргоо системасы ж-а спорт түрү катары өнүгө баштаган. Азыр Азия м-н Латын Америкасына, АКШ, Франция ж. б. 50дөй өлкөгө кеңири тараган (1991). 1968-жылы эл аралык федерациясы түзүлгөн. 1970-жылдан каратэ боюнча дүйнөлүк чемпионат, 1971-жылдан Европа биринчилиги өткөрүлөт. Каратэ Кыргызстанда СССРдин курамына кирген бардык мамлекеттер сыяктуу 1978-жылдан өз алдынча секция ж-а клуб катары иш жүргүзүп келет. 1984–89-жылдары каратэ м-н машыгууга кандайдыр бир себептер м-н тыюу салынган. Учурда Кыргызстанда каратэ кеңири тараган спорт түрүнө киргендиктен, көптөгөн клубдар бар ж-а аларда миңдеген өспүрүмдөр машыгат.
Б. Үсөнканов, А. Нишанов.