КАРАСАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСАЕВА Алтынай Хусеиновна (1939-жылы туулган, Москва облусу, Кунцева району, Одинцов айылы) –медицина илимдеринин доктору (1985), профессор (1993). КММИни (1963), ошол эле жерде аспирантура­ны бүтүргөн (1966). 1966-жылдан КММИде ас­систент, доцент болуп иштеген. 1976-жылдан Кыргыз ССР ИАнын бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология ИИИде лаборатория башчысы, КММИде кафедра башчысы (1985–2000), 2000-жылдан КРСУда профессор. Нормалдуу ж-а па­тологиялык физиология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде бир нече монографиясы бар.

Эмг.: Механизм регуляции сократимости глад­комышечных клеток сосудов легких при гипоксии. Ф., 1986.