КАРАКОЛ ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ОФИКАЛЬЦИ́Т КЕНИ , А к - Т а ш к е н и, Талас районунда, Коммунизм кыштагынан 17 км чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун Каракол ж-а Кең-Таш сууларынын кошулган жеринде. Кен аймагында протерозойдогу мрамор теги м-н ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан гранит порфир интрузиясы жатат. Мрамор ин­трузия чегинде метаморфизмделип, кооз ташка (офикальцитке) ж-а серпентинитке айланган. Офикальцит кооздугу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) бир өңчөй жашыл, саргыч, кооз чиймеленген мрамор. Ал кальцит бүртүкчөлөрүнөн түзүлүп, арасында тегерек, сүйрү серпентин жолугат. Пай­далуу катмардын 40%ин түзөт. Блоктуулугу 0,4х0,4х0,3 м; 2) күрөң жашыл, саргыч жашыл, боз, ак, жол-жол темгилденген офикальцит. Пайдалуу катмардын 10%ин түзөт. Блоктуулу­гу 0,3х0,3х0,2 м; 3) нык, каралжын жашыл түстөгү серпентин. Ал кичине аянтта (5 м2ге чейин) бардык жерде кездешет. Блоктун орточо өлчөмү 9 м3. Бардык түрү күзгүдөй жакшы сай­калданат. Запасы 400 миң м3дан ашат. Майда кооз буюмдарды жасоого болот.