КАРАГАНДЫ КӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАНДЫ КӨМҮР БАССЕЙНИ Казакстан­дагы Сары-Арка дөңсөөсүнөн орун алган. Аян­ты 3600 км2. Көмүр 1884-жылдан баштап казы­лып алына баштаган. 1930–31-жылдарда пайдаланы­луучу алгачкы чалгындоо шахталары ишке кир­гизилген. 1941–45-жылдарда геологиялык жактан кеңири чал­гындалып, 1954-жылы көмүрдүн өнөр жайлык мааниси такталган. Бассейн негизинен карбон м-н юра мезгилдериндеги чөкмө тектерден турат. Анын үстүнкү бөлүгүн палеоген м-н неоген мезгилде­риндеги түрдүү түстүү чополор, кумдуктар, ошондой эле антропоген мезгилиндеги борпоң тектер (кум­дуу топурактар, кумдар, кум-шагылдар) жаап жатат. Караганды көмүр бассейни – герцин бүктөлүү циклинде пай­да болгон асимметриялуу синклинорий. Узундугу 1200 км, туурасы 30–50 кмге жетет. Синклино­рий ар түрдүү багыттагы тектоникалык терең жарака­лар м-н жарылган. Таш көмүр катмарлары кар­бон м-н юра мезгилдеринин чөкмөлөрүндө топ­толгон. Карбон мезгилинин көмүрдүү катмарларынын калыңдыгы 4,5 кмге жетип, негизинен кумдук, алевролит, аргиллит, кээде акиташ, конгломе­рат, көмүр катмарлары ж-а туфтардын аралаш­ма катмарларынан турат. Мындагы геология­лык свитада көмүрдүн өнөр жайлык маанидеги 64 кабаты бар. Алардын калыңдыгы 0,7–2,5 м, айрым учурда 7–8 мге жетет. Жалпы калыңды­гы 88 мге барабар. Көмүр негизинен гумустуу, көпчүлүгү металлургиялык кокс көмүрүн казып алууга жарактуу. Жылуулук кубаты 7000–8000 ккал/кг, күлдүүлүүгү 15–25%. Юра мезгилинин көмүрдүү катмарлары континенттик шартта пайда болгон. Алар негизинен көл чөкмөлөрүнөн (кумдук, конгломерат, аргиллит, көмүр) түзүлүп, калыңдыгы 600 мге жетет. Мында 15тен ашык көмүр катмары линза түрүндө кездешет. Калың­дыгы 1–5 м (чанда 20 м). Көмүр күрөң түстө. Күлдүүлүгү 15–25%. Жылуулук кубаты 6200–7100 ккал. Бассейндеги таш көмүр (Михайловск, Кымыз-Кудук кендеринен башкасы) жер асты­нан шахталар м-н казылып алынат. Көмүрдүн чалгындалган жалпы запасы 8,2 млрд т.


Ад.: Кушев Г. Л. Карагандинский угольный бассейн. 2-е изд. А.-А., 1963.

Ч. Иманалиев.