КАРАБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБЕКОВ Кадырбек Чолпонбаевич (5. 9. 1942-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ак-Кыя айылы) – философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). 1965-жылы КМУну бүткөн. 1965–66-жылдарда Хайдаркен жатак-мектебинде мугалим, 1966– 67-жылдарда ОМПИде окутуучу, 1970–74-жылдарда улук оку­туучу, 1974–91-жылдарда Анжиян медицина институтунда улук окутуучу, доцент, 1991–93-жылдарда Кыргыз кыз-ке­линдер педагогика институтунда,1993–2003-жылдарда Жалал-Абад коммерциялык институтунда, кафедра башчысы, 2003–04-жылдарда ОМПИде профессор, 2004–07-жылдарда КМЮАнын Ош филиалында, 2007-жылдан Рос­сия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалын­да профессор. 30дан ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) автору.

Эмг.: Принцип обусловленности, его основные ком­поненты и функции. Таш., 1988; Категории не­посредственного и опосредственного. Жалал-Абад, 1997.