КАНТТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНТТАР (сахара) – углеводдордун молекулалык саны чоң эмес өкүлдөрү – моносахариддер ж-а олигосахариддер (ди-, три- ж. б. сахариддер). Канттар сууда абдан жакшы эрийт ж-а жакшы кристаллданат. Аларга сахароза – бал камыш ж-а кызылча канты, лактоза – сүт канты, мальтоза –угут канты, глюкоза – жүзүм канты, ошондой эле молекуласында ОН тобунун ордуна башка топтор (NH2, SH ж. б.) болгон канттар кирет (к. Углеводдор, моносахариддер, олигосахариддер).