КАНТОР АКСИОМАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́НТОР АКСИОМАСЫ – түз сызыктын үзгүлтүксүздүгүн ырастоочу аксиомалардын бири. Кантор аксиомасы боюнча узундугу нөлгө умтулган, бири бирине удаалаш коюлган кесиндилердин ар кандай удаалаштыгы бир гана жалпы чекитке ээ. Аны Г. Кантор (1872) далилдеген.