КАНТАЛАМАЙ
КАНТАЛАМАЙ , у п а й – чүкө оюну. Оюнга катышуучулардын макулдашуусу м-н бир нече басым же үчүм чүкө (үч чүкө) ортого салынып, арасында кан аталган өзгөчө түстөгү бир чүкө же сака кошулат. Оюн ат калчашуудагы ирет боюнча башталат. Оюнга салынган чүкөлөрдү бир адам кош чеңгелдеп, кийиздин үстүнө жая чачат. Кан таа түшсө, оюнчулар чачылган чүкөлөрдү талап киришет. Шамдагай оюнчу канга, чүкөлөрдүн көбүнө ээ болот. Ушундан улам бул оюн канталамай деп аталат. Чүкөлөр талангандан кийин ким канча чүкө алганы эсептелип, албай калгандары башка чүкөсү болбосо, оюндан чыгып калат. Канды алган киши оюнду кайра баштайт. Улам кийинки оюнга чогултулган чүкө ар бир оюнчудан бирдей санда чыгарылат. Андан артып калган чүкөлөр утуш катары ар бир оюнчуда кала берет. Калчаганда кан таа түшпөй калса, канды, чүкөлөрдү талоого болбойт. Оюнчулардын макулдашуусу боюнча кан таланбай да ойнолот. Калчаган киши сөөмөйүнүн учу м-н чачылган чүкөлөрдү чикти чикке, бөктү бөккө, тааны таа, алчыны алчы м-н башка чүкөлөргө тийгизбей таамай атса, атылган чүкөнү алат. Оюнчу беш үчүм, үч үчүм же бир үчүм атып алгандан кийин, колундагы чүкөлөрдү башка колуна көтөрбөй туруп, канды атат да, аны атып алса, кийинки оюнду баштоого укук берилет. Жыдыганга чейин атып алган чүкөлөр ж-а кан анда калат. Ок чүкө аткан чүкөгө тийбей калса же башка чүкөгө тийип кетсе, жыдып, чүкөлөрдү калчоо укугу кийинки оюнчуга тиет. Оюндун аягы чексиз. Уткан киши төөматек, чекеге чертмей ж. б. жаза колдонот.