КАМЧЫБЕКОВ Айты
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАМЧЫБЕКОВ Айты (1915, Ош облусу, Өзгөн району, Татты-Булак айылы – 2005, ошол эле жер) – дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941–45). Эмгек жолун 1932-жылы колхозчу болуп баштап, Ош облусунун Өзгөн районундагы «Куршаб» совхозунун талаачылык боюнча звено башчысы болгон.

Ал башкарган звено 1947-жылы 24 га аянттагы буудайдын ар гектарынан 31,6 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени м-н сыйланган.