КАМЕЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕ́Я (французча camee) – чакан рельефтик сүрөт тү­шүрүлгөн, көбүн­чө катуу, баалуу, катмардашкан ма­териалдардан (сер­долик, оникс, агат жана башкалар) жасал­ган кооздуктар.

Байыртан эле бел­гилүү болгон. Не­гизинен медальон, төөнөгүч, шакектер жана башка буюмдарды кооздоо үчүн колдонулган, к. Глиптика.