КАМАРЛИ Ариф Пашаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАРЛИ Ариф Пашаевич (5. 1. 1929-жылы туулган, Азербайжан, Гянжа шаары) – ветеринария илимдеринин доктору (1970), профессор (1986). Азербайжан айыл чарба институтун (1951), Москвадагы мамлекеттик ветеринариялык дермато­логия институтунда аспирантураны (1955) бүтүргөн. 1956-жылдан Кыргызстан мал чарба ж-а ветерина­рия институтунда лаборатория башчысы. 1976–82-жылдарда ошол эле институтта директордун илимий иштер боюнча орун ба­сары. 1982-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы, 1984–88-жылдарда ветеринария факультетинин деканы, 1993-жылдан кафедрада профессор. КРдин айыл чарбасынын отличниги. Ветеринариялык паразитология боюнча адис. 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын автору.

Эмг.: Подкожный овод крупного рогатого скота и коз. Ф., 1965; Подкожные оводы крупного рогатого скота и меры борьбы с ними. Ф., 1988.