КАЛКЫМА САЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКЫМА САЗ – былкылдак сормо саз, ша­быр; адатта, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн ж-а чымдын астында суу же суюк ылай катма­ры болот. Көлмөлөрдү чөп басып кетүүдөн жа­ралат. Былкылдак деп да аталат. Калкыма саз – сууда сүзүүчү канаттуулардын эң негизги байырлоочу жери. Ошондуктан коргоо ж-а калыбына кел­тирүү иштери жүрүп туруусу зарыл.