КАЛКЫМА МУЗДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛКЫМА МУЗДАР – шамалдын ж-а агымдын таасиринен деңизде калкып агып жүргөн муздар. Калкыма муздар арктикалык деңиздерде согуп турган шамалдын багытынан оңду, ал эми антарктикалык деңиздерде солду карай четтеп (28° бурч м-н) агат. Анткени алардын кыймылы Жердин айлануусунун четтөөчү күчүнө баш иет. Эл аралык аты – айсберг.