КАЛИНИНА Роза Павловна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИНА (Холинина) Роза Павловна (1. 1. 1924-жылы туулган, Татарстан, Казан) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Казан мамлекеттик университетин бүткөн (1947). «№ 14 Почтовый ящик" объектисинде геолог (1947–52), Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгынын геологиялык бөлүмүнүн улук инженери (1952–77). Кыргызстандын сымап ж-а сурь­ма кендерин издөө, чалгындоо ж-а методика­лык жетектөө б-ча зор эмгек сиңирген. «Ардак белгиси» ордени м-н сыйланган.