КАЛЕМПИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕМПИР, с а а д а к т у у к ы з ы л к а­ л е м п и р, к а п с и к у м (Capsicum) – өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чала бадал же көп жылдык (эгил­меси бир жылдык) чөп.

Калемпир: 1 – жалпы көрү­нүшү; 2 – гүлү; 3 – мөмөсү.

Бир жылдык эгилме түрү – бак­ча өсүмдүгү. Саба­гынын бийиктиги 30– 130 см. Жалбыра­гы жөнөкөй, гүлү чоң, ак же көгүш.
Мөмөсү көңдөй, көп уруктуу, кызыл, кызгылт са­ры, сары же күрөң түстө, салмагы 0,25–190 г. Калемпир жылуу ж-а ным­дуу жерде жакшы өсөт. 13°Сден төмөнкү темп­ературада өспөйт, 0,3–0,5°С суукта үшүйт. Калемпирди күрдүү жерге айдаган жакшы. Анын 4 түрү белгилүү: п е р у калемпири (C. angulosum Mill), к о л у м б калемпирии (C. conicum Meyer), и й и л м е калемпир (C. Pubescens R/ et P.), м е к с и к а калемпири (C. annuum L.). КМШ өлкөлөрүндө м е к с и к а калемпири Украина, Кавказ, Түндүк Кавказ, Молдавия, Борбордук Азия республикаларында айдалат. Мексика калемпиринин мөмө­сүндө сортуна жараша 4,1–8,4% кант, 1,5%тей белок, 13,9%ке чейин А витамини бар. КМШ өлкөлөрүндө гектарынан 200–300 цден түшүм алынат. Калемпирдин 30дан ашык сорту райондош­турулган. Кеңири таралгандары: т а т т у у калемпирдин Новочеркасск 35, Болгар 79, Новогогоша­ры, Молдава 118; а ч у у калемпирдин Астрахань 147, Астрахань 628, Алп, Украина ачуусу ж. б. Кыргызстанда калемпирдин Болгар 79, Белек, Молдава, Рубин ж. б. сорттору көчөтүнөн өстүрүлөт. Мө­мөсү тамак-ашка татымал катары пайдаланы­лат. Аны туздап, консервалап сактайт. Зыян­кечтери: кидик үкүчө көпөлөк же помидор үкүчөсү, гозо үкүчөсү, нематода ж. б. Илдетте­ри: чирик, соолуу ж. б.