КАКЫР (Өзгөн районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКЫР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Ак-Жар айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 24 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 65 км. Калкы 1931 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП бар.