КАКШААЛ КАПЧЫГАЙЫ
КАКШААЛ КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоонун түштүгүндө, Какшаал тоо тизмегинде. «Үч-Суунун куйганы» деп да аталат. Ак-Сай, Мүдүрүм ж-а Көк-Кыя суулары кошулган жерден мамлекеттик чек арага чейин 25 кмге созулуп жатат. Түштүгүндө Көк-Кыя, түндүгүндө Бозой ж-а Чычардын тоолору жайгашкан. Ат-Башы районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 2800–2900 м бийикте жайгашкан. Эң кууш жери 100–150 м (кээде каньон сымал), чек арада 400–800 м, суунун таманында 20–40 м. Капталынын салыштырмалуу бийиктиги 400–800 м, тиктиги 55–60°. Капталдарында 80–700, 140–160, 200–250 м бийикте кашат сымал жантаймалар бар. Чек арада капчыгай кууш, зоокалуу. Суу капчыгайдын таманын дээрлик ээлеп агат. Генезистик тиби боюнча антецеденттик өрөөн. Ландшафтында субальп ж-а альп талаасы, субнивалдык чөл алкактары басымдуу. Электр станциясын курууга өтө ыңгайлуу.