КАЙРУАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРУАН – Тунистин түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 186,6 миң (2014). Кайруан магриб му­сулмандарынын зыярат кылуучу жайы. Шаар 670-жылы негизделген. 9-кылымда Аглабиддер мам-

Кайруан. Чоң мечит. 670. 836–863-жылдарда кай­ра курулган.

лекетинин борбору болгон. 11-кылымда бедуиндер шаарды бүлгүнгө учураткан. 1881-жылы француз ко­лониячылары басып алган. 1956-жылдан көз каранды эмес Тунистин курамында. Өлкөнүн маанилүү тарыхый, диний ж-а соода, кол өнөр­чүлүк борбору. Килем токуу, булгаары буюм­дарды жасоо ж-а тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Түндүк Африкадагы эң эзелки Сиди-Окба мечити (670- жылы курулуп, 836-жылы кайрадан салынган; бир нече жолу толукталып, 13- ж-а 17-кылымдарда, андан ки­йин да реставрацияланган) сакталган.