КАЙНОЗОЙ ЗАМАНЫ (ТОБУ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНОЗО́Й ЗАМАНЫ (ТОБУ) , к а й н о з о й (гр. kainjs – жаңы ж-а zje – тиричилик, башкача айтканда азыркы кездеги тиричилик) – Жер кыртышы­нын өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң соңку, азыр­кы кездеги убактысы. Терминди илимге бирин­чи жолу англиялык геолог Ж. Филлипс 1861-жылы кир­гизген. 1960-жылга чейин үчүнчүлүк ж-а төртүнчү­лүк мезгилдерине (системаларына) бөлүнгөн. Кийин палеоген, неоген, антропоген (төртүн­чүлүк) мезгилдерине (системаларына) бөлүнгөн (к. таблицаны).


таблица


Кайнозойдун стратиграфиялык шкаласы

Стратиграфиялык бөлүнүштөргө геохронология – эрa- темага – эра, системаларга – мезгилдер, бөлүмдөргө – доорлор туура келет.

Кайнозойдун стратиграфиялык шкаласы Стратиграфиялык бөлүнүштөргө геохронол. – эрa- темага – эра, системаларга – мезгилдер, бөлүмдөргө – доорлор туура келет.

Замандын узактыгы 60–70 млн жылга барабар. Кайнозойдо материктер м-н океандар азыркы абалга келип, жер бетинин бүгүнкү күндөгү ре­льефи түзүлгөн. Ошондой эле к. Палеоген мезгили (си­стемасы), Неоген мезгили (системасы), Антро­поген мезгили (системасы) макалаларын.

Ад.: Хаин В. Е., Балуховский А. Н. Историческая геотектоника: Мезозой и кайнозой. М., 1993; Коро­новский Н. В., Хаин В. Е., Ясaмaнов Н. А. Исто­рическая гология. М., 2008.