КАЗЕМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЕМА́Т – 1) коргонуу курулуштарындагы жай; снаряд ж-а авиация бомбасы түз тийгенде ошол жайда жашынып олтурган адамдарды калкалоо үчүн жасалат. Анын согуш казематы, бай­коо жүргүзүүчү каземат, снаряд сакталчу каземат ж. б. түр­лөрү болот; 2) замбирек ж. б. куралдарды ор­нотуу, снаряддарды сактоо, адамдарды душ­ман огунан калкалоо үчүн кемелердеги соот­толуп жасалган жай; 3) 20-кылымдын башына че­йин чепте же түрмөдө адам жалгыз камалчу бөлмө.