КАЗАН (Россиядагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН – Россиядагы шаар, Татарстан Республикасынын борбору (1920-жылдан). Волганын сол жээгин-


Шаардын жалпы көрүнүшү.

де, ага Казанка дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2024); калкынын саны боюнча Рос­сиядагы 8-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Волга дарыясынын сол өйүзүндөгү ири дарыя порту. Темир жол түйүнү. Метрополитен (2005-жылдан). Археологиялык изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга таян­сак, 10–11-кылымдарда пайда болгон. Болгарлар тара­бынан 1177-жылы негизделген. 13-кылымдын аягынан Булгараль-Жадид (Жаңы Болгар) деп аталган. 1438–1552-жылы Казан хандыгынын борбору. 1708– 1920-жылдарда Казан губерниясынын, 1920-жылдан Татар АССРинин (1990–92-жылдарда Татар ССРи, 1992- жылдан Татарстан Республикасынын) борбору. Машина куруу (самолёт, ЭВМ ж. б.), металл иштетүү заводдору, хим, нефть-химия (жасалма каучук, кинофото ж. б.), химия, фармацефтика, жеңил (механикалык, тери ж. б.), тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Татарстан ИА (1991), РИАнын Казан илимий борбору (1945, анын курамында органикалык ж-а физикалык химия, физика-техника, механика машина ж. б.), 29 мамлекеттик ЖОЖ (анын ичинде Казан мамлекеттик университети, консерватория), китепканалар, музейлер, «Ка­зан» улуттук борбору, 6 театр (анын ичинде опера ж-а балет), цирк, филармония, обсерватория бар. Казандын 2005-жылы өткөрүлгөн 1000 жылдык юби­лейине карата бир нече заманбап курулуштар (анын ичинде Кул-Шариф комплекси ж. б.) курулган. Архитектура эстеликтери: Кремль ансамбли (16– 18-кылымдар), анын ичинде Сүйүмбеки мунарасы (17-кылымдын ая­гы – 18-кылымдын башы), Петропавловский собору (учурда планетарий, 18-кылым), Маржан мечити (18-кылым), Казан университетинин имараттар комплекси (19-кылым). Жыл сайын эл аралык түрк элдеринин театр (1989), классикалык балет (1987), опера (1982), «Алтын Минбар» мусулман кино (2005) фестивалдары өткөрүлүп турат. 2005-жылы топ м-н ойнолуучу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн.