КАЖЫ-САЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЖЫ-САЙ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылынын аймагында. 1948-жылы ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. 1997–98-жылдарда рекультивацияланган. Мында Жел уран кенин иштетип, пайдалуу металлды бөлүп алгандан калган уран тобундагы калдыктар сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 20–70 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл. Азыр тынч абалда, экологиялык кооптуулук туудурбайт; бирок жалпы экологиялык системаларга таасири бар.