КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЖЫРТЫ (КӨКЖЕРТИ) КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодо, Ителги-Уя, Ача-Таш, Кыр- Коо тоолорун кесип өтөт. Нарын, Ак-Талаа райондорунун аймагында. Капчыгай аркылуу Соң-Көлдөн башталган Кажырты суусу агат. Узундугу 45 км, эң жазы жери 1 км (Нарын ойдуңуна чыга берген жерде), кууш жери 200–300 м. Таманы деңиз деңгээлинен 1900–2700 м бийикте жайгашкан. Капталдары негизинен тик, кууш капчыгай сымал. Карбондун сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Капчыгай суусунун жемиришинен пайда болгон. Жаратылышы кооз, экологиясы таза. Кара-Тал – Жапырык коругу жайгашкан. Бетегелүү талаа ж-а калың карагай-бадал өскөн шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү.