КАДЫРОВ Абдулхамит
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРОВ Абдулхамит (1930-жылы туулган, Ош облусу, Араван району, Араван кыштагы) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун колхозчусу (1947), 1948-жылдан пахтачылык бригадасында звено башчысы, 1956–59-жылдарда бригадир, 1959–

60-жылдары колхоздун башкармасы, 1960-жылдан талаачылык боюнча бригаданын бригадири. 1957-жылы ал башчылык кылган звено пахтанын түшүмүн жогорулатууда ийгиликтерге жетишкен. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы ордендери м-н сыйланган.