КАДЫРОВА Рахат Мавлютовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРОВА Рахат Мавлютовна (1949-жылы туулган, На­рын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – меди­цина илимдеринин доктору (2002), профессор (2005). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни (1972), СССР МИАнын педиатрия ИИИде аспирантураны (1977) бүтүргөн. 1997- жылдан КММИде ассистент, доцент, КММАда балдардын жугуштуу оорусу кафедрасынын баш­чысы. Педиатрия боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн.