КАДЫРМАМБЕТОВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАДЫРМАМБЕТОВА Айнура Күмөновна (21. 12. 1966-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Комсомол айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (2000), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). КМУнун филология факультетин (1992), КР УИАнын тил, адабият институтунун аспирантурасын (1995) бүтүргөн. 1985–88-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик китеп палатасында библиограф, 1996–2005-жылдарда КР УИАнын тил, адабият институтунда (азыр Ч. Айтматов атындагы) илимий кызматкер, 2005-жылдан Кыргыз адабияты бөлүмүнүн башчысы. 30дан ашуун илимий эмгектин, ошондой эле «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (1999), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009) аттуу илимий эмгектердин автору.