КАДЫРАЛИЕВ Аскер
КАДЫРАЛИЕВ Аскер (1937-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 1994, Бишкек) – медицина илимдеринин доктору (1979), профессор (1982). КММИни бүтүргөн (1960). 1961-жылдан республикалык санитардык агартуу үйүндө методист, И. К. Ахунбаев атындагы КММИнин патологиялык физиология кафедрасында ассистент, доцент, 1979–91-жылдары санитария-гигиена факультетинин деканы, ошону м-н бирге 1984-жылдан өмүрүнүн аягына чейин кафедра башчы болуп эмгектенген. Илимий изилдөөлөрү кан айлануу, дем алуу системасынын кансыроодогу функциялык өзгөрүүсүн ж-а жүрөк капкаларынын патологиясын изилдөөгө арналган. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Течение острой кровопотери в условиях высокогорья. Ф., 1973; Внешняя среда и сердца (в соавторстве). Ф., 1984; Работа сердца в условиях высокогорья, осложненная кровопотерией и метральным пороком. Ф., 1988.