КАДАМЖАЙ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДАМЖАЙ РАЙОНУ — Баткен облусундагы административдик бирдик. Район 1938-жылы 2-мартта уюшулган (1999-жылга чейин Фрунзе району). Облустун чы­гыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен району, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноо­кат райондору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 201,2 миң (2022). Райондо бир шаар (Кызыл-Кыя), 4 шаарча (Ай­даркен, Кадамжай, Совет, Чабай), 11 айыл өк­мөтү, 93 кыштак бар. Борбору – Пүлгөн кыш­тагы.
Район Фергана өрөөнүнүн тоо этегиндеги түштүк бөлүгүн ж-а Алай кырка тоосунун өрөөнгө ка­раган түндүк тарабын ээлейт. Деңиз деңгээлинен эң жа­пыз жери 700 м (Бүргөндү массивинде), эң би­йик жери 5259 м (Алай кырка тоосунда). Фер­гана өрөөнүн адырлар чектеп, айрым жерлеринде түздүктөр кездешет. Адырлардан түштүгүрөөк этек тоолор зонасы жатат. Андан ары Кербен – Көк-Жар (батыш бөлүгү), Охна ж-а Айдаркен ойдуңдары жайгашкан. Райондун аймагы та­бигый кендерге бай. Отун ресурстарынан күрөң көмүрдун мааниси зор (Кызыл-Кыя, Беш-Бур­кандын батыш чети). Сурьма ж-а сымаптын (Ка­дамжай, Айдаркен, Кан ж. б.) запасы боюнча Борбордук


Азияда алдыңкы орунда. Курулуш материалда­ры (гипс, мамы таш, кум-шагыл, чопо ж. б.), коргошун, алтын кендери бар. Климаты конти­ненттик. Жайы ысык, кургакчыл, кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы түздүктөр м-н адырлар тилкесинде –2,6... –6,4°С, тоолордо –8,9°С, июлдуку түздүктөр м-н адырларда 26,8°С, тоолордо 10,6–19,1°С. Жылдык жаан-чачыны 200–500 мм. Суулары: Исфайрам-Сай, Шаймер­ден, Ак-Суу ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү бийиктик мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Тоо этекте­риндеги түздүктөр, адырлар, тоо арасындагы ойдуңдар деңиз деңгээлинен 1600 м бийикке чейин боз топурактуу келип, чөл ж-а жарым чөл өсүмдүк­төрү өсөт. Айрым жерлеринде бадалдар да кез­дешет. Таштуу жарым чөл бийик тоолорго мү­нөздүү. Күрөң ж-а коңур тоо топурактуу тоо кап­талдарында (1600–2500 м бийикте) талаа ж-а токой өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо шалбаа топу­рактуу 3000–4000 м бийикте каз таман, доңуз сырты ж. б. бийик тоолуу өсүмдүктөр өскөн су­бальп ж-а альп шаалбасы мүнөздүү. Орто би­йик тоолордогу аскаларда арча өсөт. Арча токою­нун жалпы аянты 34,8 миң га. Райондун жери­нин жаратылыш шарты мал чарбасын (айрык­ча эчки багууга) өнүктүрүүгө ж-а дыйканчылык­ка (жашылча, пахта, тамеки ж-а мөмө жемиш­терди өстүрүүгө), ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагы сейрек кездешүүчү сурьма, сымап ж. б. түстүү металлдарга, көмүргө, цемент ж. б. курулуш материалдарына бай.
Райондо жашагандардын 15,2%ин шаар, 84,8%ин айыл калкы түзөт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 26 адам (облуста 24, Кыргызстанда 25 адам). Улуттук курамы б-ча 69,8%ти кыргыз­дар, 13,9%ти тажиктер, 11,6%ти өзбектер, 2,9%ти орустар, башка улуттар 1,8%ти түзөт. Акыркы жылдарда калктын табигый өсүш коэффициенти төмөндөө м-н катар калктын мигра­циясы, башка жакка көчүүсү азаюуда. Район­дун жалпы калкынын 51,3%ин эмгек ресурста­ры түзүп, анын 57,6%ине жакыны иштеп, кал­ган ишке жарактуу калк жеке менчик чарба­ларда ж-а убактылуу табылган иштерде эмгек­тенет. Иштеген калктын 46%и айыл чарбасында, 20%и социалдык чөйрөдө, калган 34%и өнөр жайда, транс­порт ж-а байланышта, ошондой эле курулушта, соода­да ж. б. тейлөө тармактарында да эмгектенет.
Райондун чарбасында өнөр жай тармагы өндүргөн продукция республикада маанилүү орунду ээлеген. Алар – дүйнөгө белгилүү «Кадамжай сурьма ком­бинаты» ж-а «Айдаркен сымап комбинаты» АКтары. Андан тышкары райондо 12 өнөр жай иш­канасы бар; ирилери: Кадамжай ун тартуу иш­канасы, «Кан өнөр жай комбинаты» ж-а Кадамжай нан бышыруучу АКтары, Бүргөндү мөмө-жемиш шарап комбинаты. Өнөр жай ишканалары негизи­нен Кадамжай, Айдаркен, Совет шаарчаларын­да, Пүлгөн ж-а Бүргөндү айылдарында жайгаш­кан. Негизги өнөр жай продукциялары: сымап, сурь­ма, шарап, өсүмдүк майы, ун ж. б. Райондун айыл чарбага жарактуу жери 215,4 миң га (облустун 31,7%и), анын ичинде айдоо жери 25,7 миң га (37,2%), көп жылдык өсүмдүктөрү 3,2 миң га (30,8%), чөп чабынды 2,8 миң га (29,8%), жайыт 183,1 миң га (31,1%). Райондун айыл чарба өндүрүшүндө 524 дыйкан чарба, 94 кичи фермер­дик чарба, 945 жеке жер ээлери, 5 мамлекеттик үрөн­чүлүк чарба иштейт. 14,1 миң га дан эгиндери эгилип, андан 46,7 миң тдан (анын ичинде 29,9 миң т буудай, арпа ж. б. 1,6 миң т буурчак), 20,2 миң т жашылча, 9,9 миң т картөшкө, 5,2 миң т бак­ча, 9,8 миң т мөмө-жемиш, 2,6 миң т жүзүм жыйналган. Райондо 38,7 миң бодо мал, 129,2 миң кой-эчки, 5,1 миң жылкы, 71,3 миң үй ка­наттуулары бар.
Райондун аймагы аркылуу Ош – Кызыл- Кыя – Пүлгөн – Баткен – Исфана, Фергана (Өз­бекстан) – Пүлгөн – Шаймерден, Кызыл-Кыя – Дароот-Коргон автомобиль жолдору, Фергана (Өзбекстан) – Кызыл-Кыя темир жолу, Фергана (Өзбек­стан) – Кадамжай (1972-жылы курулган), Сох (Өзбекстан) – Айдаркен (1973-жыл) газ куурла­ры өтөт.
Райондо жалпы билим берүүчү 62 мектеп, анын ичинде 51 орто, 6 толук эмес, 3 башталгыч ж-а балдар­дын жатак мектептери, 2 гимназия, 2 лицей бар. Ошондой эле 2 кесиптик-техникалык окуу жайында окуучу­лар тракторист, кийим тигүүчү, айылдык куру­луш усталары адистигине ээ болушат. Район­до, айрыкча, шаарчаларда маданият үйлөрү, бал­дардын музыкалык ж-а спорттук мектептери, китеп­каналар (баардыгы 51), 637 орундуу борбордук оору­кана, 10 участкалык оорукана, 24 ФАП иштейт.

А. Мырзаев.