КАДАМЖАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДАМЖАЙ , Ф р у н з е – Баткен облусундагы шаарча (1936-жылдан). Кадамжай районунун ай­магында, Шаймерден суусунун боюнда жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 2 км түштүк тарапта. Фергана темир жол бекетинен (Өзбекстан) 31 км. Калкы 15 миң (2022); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, орус, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу Исфана – Ош – Бишкек автомобиль жолу өтөт. Кадам­жай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлө­лүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, ка­фе-барлар, тамактануу ж-а соода жайлары иш­тейт. Шаарчада 3 орто ж-а балдардын музыкалык мек­теби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар ж. б. бар.