КАВКАЗ ТИЛДЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАВКА́З ТИЛДЕРИ – Кавказ элдеринин тили. Үч топко бөлүнөт: картвел, абхаз-адыге жана нахдагстан тилдери. Нах жана дагстан тилдери кээде эки башка топ катары каралат. Грузин тилинин байыркы жазуусу болгон. 5–8-кылымдарда удин тилинин да жазуусу болгондугу божомолдонот. 1917-жылдан кийин кавказ тилдеринин көбүндө адегенде латын, кийин кириллицанын негизинде жазуулары иштелип чыккан.