КАВКАЗ СОГУШТАРЫ
КАВКА́З СОГУШТАРЫ (18–19-кылымдар) – орус падышалыгы Кавказ аймактарын басып алуу максатында жүргүзгөн согуштар. Россиянын Иран ж-а Түркия м-н жүргүзгөн согуштары, Крым согушу (1853–56), Тоолуу Дагстан, Түндүк-Батыш Кавказ ж-а Чеченcтан аймактарындагы тоолук кавказдыктарга каршы жүргүзгөн басып алуучулук согуштары (1817–64), Кавказ элдеринин феодалдык эзүүгө каршы кыймылын басууга падышалыктын согуштук кийлигишүүсү Кавказ согуштарынын өзөгүн түзгөн. Түркия ж-а Иран тараптан кол салуу коркунучу Кавказ элдерин Россиядан ишеничтүү жөлөк издөөгө аргасыз кылган. Кавказ Россия, Түркия ж-а Ирандын ортосундагы күрөш очогуна айланган. Пётр I Персияга жортуул жасаганда (1722–23), орус аскери Түндүк Азербайжандын жээктерин ээлеген, бирок Ганж келишими боюнча (1735) Россия аскерин Терек дарыясынын ар жагына алып кеткен. 1768–74-жылдарда орус-түрк согушунун натыйжасында Россияга Кабарда кошулган. 1783-жылы Чыгыш Грузия Россиянын протекторатына өткөн. 1795-жылы перстердин Грузияга кол салышы Россияны Закавказдагы аракетин активдештирүүгө мажбур кылган. 1801-жылы Россияга Чыгыш Грузия, 1802–06-жылдарда Батыш Грузия, Осетия, Түндүк Азербайжан, 1810-жылы Абхазия, 1813-жылы Дагстан кошулган. Орус-түрк (1828–29), орус-иран (1826–28) согуштары Чыгыш Армения, Түштүк-Батыш Грузия ж-а Кавказдын Кара деңиз жээгинин түндүк бөлүгү Россияга кошулушу м-н аяктаган. Өзүнчө Грузин (1820- жылдардан Кавказ) корпусу түзүлгөн, ага 1816-жылы А. П. Еромолов, 1827-жылы И. Р. Паскеевич, 1831-жылы Г. В. Розен, 1837-жылы Е. А. Головин, 1842-жылы А. И. Нейдгардт, 1844-жылы М. С. Воронцов, 1854-жылы Н. Н. Муравьев, 1857-жылдан А. И. Барятинский командачылык кылган. 1817– 18-жылдарда орустардын Преград Стан, Грозный, Внезапная, Бурная чептери курулуп, алар Түндүк Кавказ тоолуктарынын жерлерин басып алышкан. Падышачылыктын баскынчы саясаты ж-а колониялык эзүүсү тоолуктардын мюридизм туусу астында боштондук кыймылынын күчөшүнө алып келген. 1820-жылдарда тоолуктардын имаматы түзүлгөн. Анын башкаруучулары мюридизм кыймылынын башында турган: Гази-Магомет (1828–32), Гамзат бек (1832–34), Шамил (1834– 59). Шамилге каршы күрөш 1859-ж. бүткөн. Кавказ согуштары 1864-жылы Кавказды багынтуу м-н аяктаган.
Ад.: Блиев М. М. Россия и горцы Большого Кавказа на пути к цивилизации. М., 2004; Потто В. А. Кавказская война: В 5 т. М., 2006.