КАВИТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВИТА́ЦИЯ (лат. cavitas – боштук, көңдөй­чө) – суюктуктагы газ, буу же алардын аралаш­масы м-н толгон майда көңдөйчө (көбүкчө же каверн). Кавитация суюктукта басым белгилүү бир кри­зистик мааниден (ркр) төмөн болгон чекитте пай­да болот. Суюктукта ркр чоңдугу ал суюктуктун берилген температурадагы каныккан буунун басы­мына барабар. Эгерде басым агымдагы ылдамдык көбөйгөндө төмөндөсө, анда гидродинами­калык кавитация, ал эми өтө ургаалдуу үн толкундары өткөндө пайда болсо, акустикалык кавитация деп ата­лат. Гидродинамикалык кавитация реалдуу суюктуктарда ар дайым белгилүү санда газдын же буунун көбүкчөлөрү пайда болот. Алар суюк­тук м-н бирге агып, басым р<ркр болгон чөйрөгө өтөт. Натыйжада алардын тең салмактыгы жоюлуп, көлөмү чоңоёт. Көбүкчөлөр агым м-н бирге жылып, кризистик басымы жогору чөй­рөгө өтөт. Бул жерде көбүкчөлөрдүн көлөмү кичирейет да, түтүктүн кууш жеринде «кавита­циялык чөйрө» түзүлөт. Суюктук басымы төмөн жерге келгенде, көбүкчөлөр жарылып, алардын көлөмү абдан кичирейет да, гидравликалык ка­гылышууга окшош үн импульстары пайда бо­лот. Эгерде агымдын бетинде кавитациялык тешиктер (каверн) пайда болсо, андагы кагылышуудан нерсенин (гидротурбина калактары, кеме вин­ти ж. б.) бети оюлуп, бузула (кавитациялык эрозия) баштайт. Кавитация гидротурбинанын, суюктук насос­торунун, кеме винтинин ж. б. иштешине тос­коолдук жасап, кыйрашына алып келет. Мын­дай кавитация гидростатикалык басымды көбөйтүү конструкциялык элементтердин формасын тандоо м-н азайтылат. Кавитациялык эрозияны төмөндөтүү үчүн жумушчу калакчалар дат баспас болоттон жа­салат. Акустикалык кавитация – суюктукка белгилүү бир амплитудадагы үн жибергенде, анын таралуусунун жарым мезгилине барабар убакыттын ичинде байкалат. Бул көбүкчөлөр жарылганда, суюктук өтүүчү материалдын өзүн буза турган, кыска убакытка (10–6сек) созулган басым импульсу 109 Па га чейин ж-а андан жогору болот. Кавитациялык көбүкчөлөр жарылганда басым жогорулайт ж-а анын ичиндеги газ адиабаттык түрдө 10000°С ге чейин ысыйт. Ошол себептен кавитация кезинде көбүкчөлөрдүн жаркыроосу (үн люминесценциясы) байкалат. Көбүкчө ичин­деги газдар иондошот. Акустикалык кавитация бир топ физикалык кубулуштарга (катуу заттардын бузулушу ж. б.) себепкер болот. Ультра-үндүн (биология, медицина ж. б-да) кеңири колдонулушу кавитация ку­булушуна байланыштуу.