КАВАБАТА
КАВАБА́ТА Ясунари (11.6.1899, Осака – 16. 4. 1972, Дзуси) – япон жазуучусу, Япония искусство академиясынын мүчөсү (1953). Токио университетинин филология бөлүмүн бүтүргөн (1924). Алгачкы чыгармасы – «Идзулук бийчи» аңгемеси (1926).
Кавабата дүйнөнү акыл-эс м-н кабылдоону четке каккан ж-а табигый, жөнөкөйлүк принциптерин жактаган дзен эстетикасын тутунган жазуучу болгон. Анын көркөм стилинин бөтөнчөлүгү поэтикалык ассоциация м-н байланышкан новеллалардан турган, япон адабий сынында азыркы лирикалык прозанын туу чокусу катары бааланган «Карлуу өлкө» повестинен (1937) көрүнөт. Кавабата «Миң канаттуу турна» (1949) повестинин, «Тоолор үнү» (1953), «Эски борбор» (1961) романдарынын автору. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине, анын ичинде айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1968).
Чыг.: Избранные произведения. СПб., 2002; Старая столица. Роман. Рассказы. М., 1984; Миң канаттуу турна. Ф., 1977; Бамбук үнү, шабдалы гүлү // Ала- Тоо, 1979.
Ад.: Федоренко Н. Т. Кавабату Ясунари. М., 1978; Герасимов М. П. Бытие красоты. Традиции и современность в творчестве Кавабата Ясунари. М., 1990.