КАБУЛ
КАБУЛ – Афганстандын борбору, шаар. Кабул вилаятынын административдик борбору. Иран бөксө тоосунун түндүк-чыгыш четинде, Кабул дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1791 м бийиктикте жайгашкан. Кал-

кы 2,4 млн (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кабул аркылуу Жакынкы Чыгыш м-н Европаны, Ыраакы Чыгыш м-н Индияны байланыштырган жолдор өтөт. Шаар алгач 2-кылымда Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. Кабулду 9-кылымда Саффарилер басып алган. 13-кылымда аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-жылы Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774- жылдан 1818-жылга чейин Кандагар м-н бирге Дурраний мамлекетинин, англис-афган согушунан (1878–80-ж.) кийин Афган мамлекетинин борбору. 1919-жылы февралда эмир Аманулла-хан Кабулда Афганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-жылы Апрель революциясынан кийин
Афганстанга советтик аскер киргизилгенден (1979– 89-жылдардагы Афган конфликти) Кабулда анын штаб командасы жайгашкан. 1989-жылы февралда советтик аскер чыгарылгандан кийин шаарда ж-а анын чет жакасында Афган оппозициясынын отряддары м-н Афганстан элдик-демократиялык партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-жылы апрелде оппозициялык топ Кабулду согушсуз ээлеген. 1996-жылы Кабулда «Талибан» кыймылы түзүлгөн. Афганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен. 1979-жылы согуш башталганга чейин Кабулдун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль, металл иштетүү, жыгаччылык, булгаары-бут кийим ж-а тамак-аш өнөр жай ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын өнөр жай потенциалы согуштун кесепетинен толугу м-н талкаланган. 21-кылымдын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-жылы «Coca-Cola» заводу курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде өнөр жай зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу) өнүккөн. Кабул – өлкөнүн илим-билим ж-а маданий борбору. УИА, университеттер (анын ичинде Кабул, политехникалык, медициналык, педагогикалык ж-а Америка), Жакынкы Чыгыш институту, Афганстанды окуп үйрөнүү региондук изилдөө борбору, улуттук аскер академиясы, бир нече коллеждер, тарыхый-этнографиялык музей, калк китепканасы, сүрөт галереясы (ислам фундаменталисттери өтө талкалаган), театр ж. б. бар. Бала-Хиссар цитадели (5-кылым), Баги- Бабур паркы [Бабурдун күмбөзү жайгашкан (16-кылым)], Жахан шахтын мечити (17-кылым), Мухаммед Надир-шахтын мавзолейи, король ак сарайы ж. б. сакталган.
Ад.: Кабул.//Все столицы мира. Энциклопедический справочник. М., 2004; Кабул // Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2008.
Т. Чодураев.