КАБО-ВЕРДЕ
КА́БО-ВЕ́РДЕ , К а б о - В е р д е Р е с п у б л и к а с ы – Африканын батыш жээгине жакын

жайгашкан өлкө. Атлантика океанындагы Жашыл Тумшук аралынан орун алган (бардыгы 18 арал, анын 9унда эл жашайт). Аянты 4033 км2. Калкы 483,4 миң (2021). Борбору – Прая (Сантьягу аралында). Расмий тили – португал тили. Акча бирдиги – эскудо. Административдик жактан эл жашаган аралдары 17 муниципалдык округга бөлүнөт (к. таблицаны). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) Таблица (Администрациялык-аймактык бөлүнүшү) (2008)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)Кабо-Верде – БУУга (1975), Африка биримдиги уюмуна (1975; 2002-жылдан Африка союзу), Бейтарап кыймылына (1975), ЭВФке (1978), Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигине (ЭКО-ВАС; 1975), Португал тилинде сүйлөгөн өлкөлөр коомуна (ПАЛОП; 1996) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү. Кабо-Верде – унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-жылы 25-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, түздөн-түз жалпы элдик шайлоодо 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея). Саясий партиялардын тизмеси боюнча 5 жылга шайланат, 66дан 72ге чейинки депутаттан турат. Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президент тарабынан дайындалат. Калган министрлерди ж-а мамлекеттик катчыны премьер-министрдин сунушу м-н президент дайындайт. Өкмөт Улуттук ассамблеянын алдында жоопкерчиликтүү. Кабо-Вердеде көп партиялуу система орун алган. Жетектөөчү саясий партиялары: Кабо-Верде көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ), Демократия үчүн кыймыл (ДМД), Демократиялык биримдик үчүн партиясы (ПДЕ).
Табияты. Жашыл Тумшук аралы жанартоодон пайда болгон. Жээктери негизинен тик, аскалуу; ыңгайлуу гавандары аз, эң ириси – Сан- Висенти аралындагы Минделу булуңу (өчкөн жанартоонун суу астындагы кратери). Аралдардын басымдуу бөлүгүнө тилмеленген тоолуу рельеф мүнөздүү. Өлкөнүн эң бийик жери – Фогу аралындагы жанартоо (2829 м). Чыгыш бөлүгүндөгү аралдары (Сал, Боа-Вишта, Маю) рельефинин кый-

ла түзөңдүгү м-н айырмаланат, бийиктиги 436 мге чейин. Бузулган жанартоо конустары ж-а кальдералары, лава платолору кеңири таралган. Тропиктик пассаттык климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айларынын (сентябрь–октябрь) орточо температурасы жээктеринде 24–26°С, эң суугунуку (январь-февраль) 21–22°С, тоолордо температура 3– 4°Сге төмөн. Аба ырайы жылдын басымдуу мезгилинде кургак ж-а ачык, октябрь – июнда харматан деп аталган кургак ж-а ысык шамалдын таасири астында турат, август – октябрь – жаанчыл мезгил. Жаан-чачындын өлчөмү (жылына 300 ммге чейин) жылдар боюнча бирдей эмес, кургакчылык басымдуу, тоолордо нөшөрлөгөн жамгырдан кыртыш жуулуп кеткен учурлар да болот. Ири аралдарында мезгил-мезгили м-н соолуп калуучу кыска суу тармактары арбын. Калыбына келип туруучу суу ресурстары өтө аз (0,3 км3); өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 634 м3 суу туура келет. Чарбада негизинен жер астындагы суу пайдаланылат. Суунун 90%и айыл чарбасында (сугат жеринин аянты 1821 га), 7,3% коммуналык-тиричилик чарбасында, 1,8%и өнөр жай ишканаларында керектелет. Жери айыл чарбасында көп жылдар бою ж-а сарамжалсыз пайдаланылгандыктан, антропогендик чөлдөшүүгө кыйла дуушарланган. Жер кыртышы эрозиядан өтө жабырланып, таштак топурактар кеңири таралган. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө жарды, ксерофиттик дарак ж-а бадал өсүмдүктөрү (ажыдаар дарагы, сидероксилон) тоолордун жетүүгө татаал жерлеринде гана кездешет. Дарак өсүмдүктөрүн (акация, эвкалипт) ж-а эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуунун эсебинен өлкөдөгү токойлуулук азыр 20%ке жеткен. Жаныбарлар дүйнөсүнө да жарды (жапайы болуп кеткен эчкилер, жашыл мартышка, кемирүүчүлөрдүн бир нече түрү); орнитофаунасы кыйла ар түрдүү (куштардын 40тан ашык түрү уялайт). Жээк суусу балыкка бай. 2003-жылы коргоого алынган табигый аймактын улуттук системасы түзүлгөн (жалпы аянты 1 миң га). Калкы. Креол-кабо-верделиктер өлкөнүн калкынын 73%ин түзөт; атлантика тилдеринде 24,4%и сүйлөйт; португалдар 2%. Калкынын жылдык орточо өсүүсү 0,6%. Төрөлүү (1000 тургунга 24,4 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 6,5 адам) 4 эсе ашык. Калктын 56,4%и эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаш), балдар (14 жашка чейинки) 36,9%, 65 жаштан ашкандар 6,7%. Калкынын орточо курагы 20,2 жаш. Жашоонун күтүлгөн орточо узактыгы 71 жыл (эркектердики – 67,7, аялдардыкы – 74,4 жыл). Калкынын 95%и христиандар – көбү католиктер, ошондой эле протестанттар да бар. Өлкөнүн калкынын 82%тейи 3 аралда (56%и Сантьягу аралында) жашайт. Шаар калкы 22% (2007). Ири шаарлары: Прая (калкы 124,7 миң; 2008), Мин-

делу (74,6 миң; Сан-Висенти аралында), Санта- Мария (20,1 миң; Сал аралында), Педра-Бадежу (10,0 миң; Сантьягу аралында), Сан-Филипи (8,2 миң; Фогу аралында).
Тарыхы. 12-кылымда алгачкы жолу Жашыл Тумшук аралдары жөнүндө араб саякатчысы Идриси эскерген. Кийин венециялык деңиз саякатчысы А. Кадамосто (1455–56), португал саякатчылары Д. Афонсу, Д. Гомиша ж-а А. Нолилер (1455–60) аркылуу бул аралдар европалыктарга кеңири таанылган. 1462-жылы Жашыл Тумшук аралына португалдар келип, Сантьягу аралына алгачкы европалык Рибейра-Гранди кыштагын (1533-жылдан шаар) негиздешкен. 1466-жылдан аралдарды португалдар ээлеп, 1495-жылы Португалиянын колониясы деп жарыяланган. 1564-жылдан Португалия королдугуна баш ийген. 16-кылымда аралдарга каракчылар кол салып турган (1585-жылы Ф. Дрейк баштаган англис каракчылары Рибейра-Гранди кыштагын тоноп кеткен). 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында Жашыл Тумшук аралдары Африканын Гвинея жээгиндеги кул сатуу борборунун бирине айланган. 1581-жылдан арал Испания ээлиги, 1640-жылы кайрадан Португалиянын колониясы болуп калган. 1650–1879-жылдарда португалиялык Гвинея (Бисау) м-н бириккен. 17-кылымда аралдарда плантациялык чарба өнүгүп, пахта, индиго, жүгөрү, 19-кылымдан кофе өстүрүлгөн. Кул сатууга тыюу салынып (1876), аралдын экономикасы начарлап, жергиликтүү эл (өзгөчө андан пайда таап тур-

ган португал колониячылардын көбү) Сенегал, АКШ, Бразилия, Аргентина ж. б. өлкөлөргө массалык түрдө көчө баштаган. 1951-жылы Жашыл Тумшук аралы деңиздин ары жагындагы Португалия провинциясы статусун алган. 20-кылымдын ортосунда бул аралдарда көз каранды эместик үчүн улуттук-боштондук кыймыл башталган. 1956-жылы Көз карандысыз африкалык партия [1960-жылдан Гвинея ж-а Кабо-Верде аралынын көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИГК) деп аталган] түзүлүп, анын генералдык секретарына А. Л. Кабрал шайланган. 1961-жылы аралдын тургундары Португалиянын жарандыгын алган, бирок көз каранды эместик үчүн күрөш (1963- жылдан партизандык согушка айланган) улана берген. Португалиядагы Апрель революциясынан (1974) кийин аралда согуш аракеттери токтоп, 1974-жылы ноябрда ПАИГК партиясынын өкүлдөрү ж-а португалиялык өкмөт Жашыл Тумшук аралдарын көз карандысыз деп таануу жөнүндө келишимге кол коюшкан. 1975-жылы июндагы шайлоодо ПАИГК партиясы жеңишке жетип, президент болуп А. М. Перейра шайланган. 1975-жылы 5-июлда көз каранды эмес Кабо-Верде Республикасы жарыяланган. Ошол эле жылы Кабо-Верде БУУга мүчө болуп, мурдагы СССР м-н дипломатиялык мамилелерин түзгөн. Конституциялык мыйзам боюнча Кабо-Верде Гвинея-Бисау м-н биригип, бир партиялуу режим түзүлгөн. А. М. Перейранын өкмөтү ири жеке менчик чарбаларды мамлекеттештирип, мамлекеттик чарба ж-а кооперативдерди түзүп, өлкөдөн качып кеткендердин жерин конфискациялап, өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү ж. б. иштерди жасаган. 1980-жылы 14-ноябрда Гвинея-Бисауда мамлекеттик төңкөрүш болуп, ПАИГК бөлүнүп кеткен. 1981-жылы январда Кабо-Верде көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ) түзүлүп, конституциялык мыйзам боюнча Кабо-Верде Гвинея-Бисаудан бөлүнүп чыккан. 1990-жылы мамлекетте көп партиялуу система киргизилип, 1991-жылы январда парламенттик шайлоодо Демократия үчүн кыймыл партиясы (МПД, 1990-жылы түзүлгөн) жеңишке жеткен. Анын өкүлү А. М. Монтейру Кабо-Верде мамлекетинин президенти болуп шайланган. 1992-жылы 25-сентябрда өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, көп партиялуу система бекемделген. Монтейрунун өкмөтү рынок экономикасын өнүктүрүү ж-а чет элдик инвестиция киргизүү саясатын жүргүзгөн. 2001-жылы январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ПАИКВ 40, МПД 30 орунду ээлеп, ПАИКВнин өкүлү П. Пиреш Кабо-Верденин Президенти болуп шайланган. 2006-жылы П. Пирештин президенттик ыйгарым укугу экинчи мөөнөткө узартылган. П. Пирештин жүргүзгөн саясаты экономиканы либералдаштыруу ж-а жакырчылык м-н күрөшүүгө багытталган.
Чарбасы. ИДПнин көлөмү 3,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 7 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 7% (2007). Өлкөнүн аралдарда жайгашуусуна, табигый ресурстарга жардылыгына, тез-тез ж-а узакка созулган кургакчылыкка ж. б. себептерге байланыштуу анын экономикасы начар өнүккөн; көбүнчө импорттук энергия булактарына ж-а азык-түлүккө күнкор. Валютанын кыйла бөлүгүн (ИДПнин 20%ке жакыны) чет өлкөлөрдөгү кабо-верделиктерден түшкөн акча түзөт.
Өлкөнүн экономикасында инвестициянын (2006-жылы 60 млрд доллар чамасында) ж-а жеңилдетилген кредиттин мааниси зор. Өлкөнүн экономикалык саясаты жеке менчик секторду чыңдоого, тейлөө чөйрөсүн (айрыкча чет элдик туризм, аба ж-а суу транспорту) өнүктүрүүгө багытталган. 20-кылымдын аягында 40ка жакын ишкана мамлекеттин менчигинде болгон; 2007-жылы алар бүт (улуттук ТАСV авиакомпаниясынан сырткары) менчиктештирилген же жоюлган. Жеке менчик компаниялардын иш-аракетин мамлекеттик агенттик көзөмөлгө алган. ИДПнин 73,8%и тейлөө чөйрөсүнө, 16,9%и өнөр жайына, 9,3%и айыл чарбасына таандык.
Энергетикасы импорттук энергия булактарынын (60%и нефть ж-а нефть продукциялары) негизинде иштейт. 2006-жылы 45 млн кВт⋅с электр
энергиясы өндүрүлүп (эл жашаган аралдарда электр станциялары дизель м-н иштейт), 41,9 млн кВт⋅с. керектелген. Сал ж-а Маю аралынан жылына 60 миң т дан ашык туз, Санту-Антан аралынан пуццолан, дагы башка табигый курулуш материалдары ж-а карапа сырьёлору (базальт, акиташ теги, гипс, чопо, каолин) казылып алынат. Декорациялык таштарды иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу фабрикалар (Прая шаарында, Маю ж-а Боа-Вишта аралында) бар. Айыл чарба сырьёлорун кайра иштетет; алкоголсуз ичимдиктерди, пиво, балык унун ж-а консерваларын (Прая, Сал аралы), текстиль кездемелерин ж-а бут кийим (Манделу) чыгарат. Кеме ремонттолот (Минделу шаарындагы Порту-Гранди); деңиз суусун тузсуздандыруучу заводдор иштейт. Өндүрүштүк ишканалардын 80%тен ашыгы Сантьягу, Сан- Висенте, Сал аралдарында жайгашкан.
Тоолуу рельефине ж-а топурагынын күрсүздүгүнө байланыштуу айыл чарбасы аз продукция берет. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгы импорттолот же гуманитардык жардам иретинде сырттан келет.
Өлкөнүн аймагынын 11,5% аянты айыл чарбасында пайдаланылат. 1990-жылдардагы кургакчылыкта дан эгин эгилген аянттын дээрлик 80%и кыскарган (21-кылымдын башында 3 миң га сугат жер болгон). Буурчак, томат, жүгөрү, батат, картөшкө, төө буурчак, ошондой эле кокос пальмасы, бал камыш, кофе, банан, ананас, манго, жер жаңгак, клещевина өстүрүлөт. Мал чарбасы этке болгон ички муктаждыктын 95%ин, сүткө болгон муктаждыктын 25%ин камсыз кылат. 2000-жылдын башталышында 640 миң чочко, 112 миң эчки, 22 миң уй болгон. Куш чарбасы өнүккөн (жумурткага болгон муктаждыкты толук камсыз кылат). Балык уулоонун мааниси зор (ИДПнин 5%и); жыл сайын 12 миң т чамасында балык кармалат; деңиз продуктуларынын көбү Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.
Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө (1993-жылы 20 миң турист келсе, 2007-жылы ал 320 миңге жеткен). Туризмден түшкөн киреше 50 млн доллардан ашат. Туризмдин негизги түрлөрү: кумдуу пляждарда эс алуу ж-а спорттук сайраңдоо (дайвинг). Банк кредиттик система 3 мамлекеттик банкты, борбордук банкты, 4 коммерциялык, 3 офшордук банкты, 5 банкка кирбеген финансы институтун камтыйт.
Автомобиль жолунун узундугу 1,4 миң км. Өлкө аралдарда жайгашкандыктан, анда аба ж-а деңиз транспорттору кеңири пайдаланылат. Негизги порттору: Порту-Гранди (Минделу шаарында; көбүнчө круиздик лайнерлер келет), Прая, Палмейра (Сал аралы). Деңиз соода флоту 8 кемени камтыйт (жалпы 7,7 миң дедвейт; 2007). 8 аэропорту (Илья-Брава аралынан башка бардык аралдарда) бар; эл аралык аэропорттору: Прая (Сантьягу аралы), Рабил (Боа-Вишта аралы), Амилкар (Сал аралы).

Сырткы соодасы 827 млн долларды түзүп (2007), анын 727 млн доллары импортко, 100 миң доллары экспортко таандык. Экспортунда деңиз продуктулары, туз, банан, жер жаңгак басымдуулук кылат. Негизинен Испанияга (наркынын 39,4%и), Португалияга (19,3%), Нидерландга (11,3%), Германияга (10,9%), Марроккого (4,1%) экспорттойт. Негизинен нефть продуктуларын, азык-түлүк, машина ж-а жабдууларды Португалиядан (импорттук нарктын 42,2%и), Нидерланддан (10,6%), Испаниядан (6,5%), Италиядан (5,5%), Кот-д’Ивуардан (5,2%), Бразилиядан (4,8%) алат. Маданияты. Мектепте б и л и м б е р ү ү системасы Португалиянын таасири менен калыптанган. Кабо-Вердеде 6дан 12 жашка чейинки балдар үчүн акысыз билим берүү киргизилип, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл, толук эмес орто мектеп – 3 жыл, толук орто (лицей) мектеп – 2 жыл. Сабактар 3 багытта жүргүзүлөт: гуманитардык, табигый-илимий жана техникалык. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 81,2%ти түзөт. Негизинен Прая шаарында илимий мекемелер, жогорку окуу жайлар, китепканалар жана музейлер; Сан-Висентиде деңиз жана инженердик илимдер институту (1984), Минделуда педагогикалык институт жайгашкан.
Кабо-Вердеде жума сайын чыгуучу басылмалар: өкмөттүк – «Horizonte» (1975-жылы негизделген), «Boletim Informativo» (1976, португал тилинде) жана көз каранды эмес – «A Semana» (1991, португал жана анлис тилдеринде). Маалымат агентчилиги – «Inforpress» (1988). 1984-жылдан Телекөрсөтүүсү, 1975-жылдан радио уктуруусу (португал, француз жана креоль тилдеринде) иштейт. Телекөрсөтүүлөрдү жана радио уктурууларды «Radio e Televisao de Cabo Verde» (RTS) мамлекеттик компаниясы ишке ашырат. XIX кылымдын 2-жарымынан Кабо-Верденин а д а б и я т ы креол жана португал тилдеринде өнүккөн. Алгач креоль тилинде Ш. да Куньинин «Сүйүү

кайгысы» романы (1893), португал тилинде Ж. А. ди Алмейданын «Кул» романы (1856) жарык көргөн. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында фольклорго жакын поэтикалык түрдөгү – морна (Э. Тавариш, «Креолдук морна», 1931) жана коладейра пайда болгон. XX кылымдын 1-жарымында прозада социалдык проблематика басымдуулук кылган (П. Кардозу, «Гесперид багы» романы, 1928 жана башкалар). 1936-жылы «Claridade» журналы негизделип, белгилүү жазуучулар Б. Лопиш, М. Лопиш, акын Ж. Барбоза жана башкалар эмгектенишкен. 1960–1970-жылдарда революциялык маанайдагы поэзия (К. Кунотинин ырлары), 1990-жылдары психологиялык детектив роман жанры (Алмейда «Эки бир тууган», 1994) жаралган. XX кылымдын 2-жарымынан сүрөт өнөрү өнүккөн. Белгилүү сүрөтчүлөрү: Б. Барруш-Гиззи, Д. Ж. Корвалью, Л. Лопиш, Ж. Миранда, М. Фернандиш, М. Фигуэйра жана Ч. Фигуэйра жана башкалар. Эл ичинде карапа идиштерди кооздоо, жыгачты оюу-чийүү, самандан буюм согуу, токуу, ар кандай кооздуктарды жасоо иштери кеңири таралган.
Ад.: Ряузова Е. А. Португалоязычные литературы Африки. М., 1972; Григорович А. А., Грибанов В. В. Кабо-Верде. М., 1988; Данилов П. П., Шмельков П. М. Република Кабо-Верде. Справочник. М., 2001; Кабо- Верде // БРЭ. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.