КАБЕЛЬ ИЗДЕГИЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́БЕЛЬ ИЗДЕГИЧ – жерге көмүлгөн же суу астынан тартылган кабель линиясын, анын орнотулган тереңдигин ж-а ток өткөрүүчү зымдын каптоосу бузулган жерин аныктоочу жабдуу. Кабель издегичтин иштеши изделүүчү кабель линиясынын ар кандай аралыктагы чекиттердин магнит талаасынын ургаалдуулугун аныктоого негизделген. Магнит талаасы генератор иштеп чыгарган төмөнкү жыштыктагы өзгөрмө ток м-н түзүлүп, антенна м-н кабыл алынат да, телефонго туташтырылган үн күчөткүчүнө берилет. Телефон аркылуу үн катуу угулганча, антеннаны жылдырып, жер астындагы ж-а суунун 300 мге чейинки тереңдигиндеги кабель линиясын аныктоого болот.