КАБЕЛЬ ЖАТКЫРГЫЧ
КА́БЕЛЬ ЖАТКЫРГЫЧ – кабелди жер ж-а суу асты боюнча өткөрүүчү жабдуу. Жумушчу тетиктери боюнча тилгичтүү, ротордуу ж-а гидравликалык

болуп бөлүнөт. Тилгичтүү кабель жаткыргычтын негизги тетиги – эки тилгичи. Биринчиси алдына орнотулуп, тилгич туш келген өсүмдүк тамырын кыркып, кыртышты жумшартат ж-а таштан арылтат. Экинчи тилгичи тереңдиги 1,5 м келген кабель арыкчасын казат. Тилгичтүү кабель жаткыргычты
атайын трактор сүйрөйт. Ротордуу кабель жаткыргычта кабель жаткырылуучу арыкты өзү жүрүүчү ротордуу экскаватор казат, ага чиркелген арабача кабелди сүйрөйт. Гидравликалык кабель жаткыргыч суунун түбү м-н кабель өткөрөт. Кемеге орнотулган насостун жардамы м-н суунун түбүндө арыкча казылып, ага кабель, түтүк м-н түшүрүлүп, жаткырылат.